"Токио-2020": "Камалышы мүмкүн". Олимпиада оюндарына катышуу үчүн келип качып кеткен угандалык спортчу табылды

Япониянын борбору Токио шаарына Олимпиадага катышуу үчүн барып дайынсыз жоголгон 20 жаштагы Уганда өлкөсүнүн оор атлетчиси Жулиус Ссекитолеко Осака шаарына жакын Миэ префектурасынан табылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, спортчу Нагоя шаарына баруучу тез жүрүүчү поездге билет сатып алган. 19-июлда Ссекитолеко Нагоя станциясындагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Оор атлетчи Олимпиада оюндарынан четтетилди жана жакын арада машыктыруучусу менен өз өлкөсүнө кайтат. Ал качып кеткендиги үчүн эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Токио шаарына Олимпиадага катышуу үчүн барган угандалык спортчу дайынсыз жоголгондугу кабарланган. Кийинчерээк, анын бөлмөсүнөн жазып калтырган каты табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан