Бүгүн, 20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиада курама командасы Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Япониянын борборуна учуп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов, Хайитхон Хусан кызы, алардын машыктыруучулары Алмазбек Абиров жана Канатбек Имияновдор XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты. Ошондой эле аларды Covid офицер Кундуз Абирова коштоп кетти", - деп жазылат билдирүүдө.
Спортчуларды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Асеин Төрөгелдиев ийгиликтерди каалап узаткан.
Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо өтөт.