Бүгүн, 6-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 15-күндүк беттештери орун алууда.
Олимпиадага эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айаал Лазарев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда америкалык Дэн Стивенсон аттуу балбанга жеңилип калган.
Америкалык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу кыргыз балбаны коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке катышты. Анда Айаал Лазарев түркиялык Таха Акгүл аттуу балбан менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен кыргыз балбаны Олимпиададагы жүрүшүн токтотту.