Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыгып, анда 1/8 финалда тунистик, 1\4 финалда азербайжандык жана жарым финалда фаворит балбандардын бири армениялык Карапет Чалянды жеңип, финалга чыкты.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта жалпы 16 балбан күч сынашты. Акжол Махмудов жарым финалда жеңген венгриялык балбан фавориттердин ичинде үчүнчү орунда турган.
Төмөндө видеону көрсөңүз болот. Видеону тарткан Кабыл Макешов.