Бүгүн, 4-августта Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчыев балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын үйүнө барды. Ал Тыныбекованын "Токио-2020" Дүйнөлүк жайкы олимпиаданын күмүш медалын жеңип алгандыгы менен спортчунун ата-энесин куттуктады.
Тыныбекова финалда япониялык балбан Юкако Каваи менен килем үстүнө чыкты. Беттеш 3:4 эсебинде Каваинин жеңиши менен аяктады. Бирок Айсулуу Тыныбекова беттештин 2-бөлүгүндө атаандашына 2 ирет коркунучтуу учурларды жаратып, татыктуу таймаш тартуулады.