Бүгүн, 4-августта белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын финалында япониялык Юкако Каваи менен кез келет. Бүгүнкү финалдык беттешти Айсулуу Тыныбекова чоңойгон Кочкор районунун эли шаардагы кинотеатрда көрүшөт.
Учурда алар кинотеатрга акырындап чогулуп, Айсулуу Тыныбекованын Олимпиадада мыкты күрөш алып барып жатканын талкуулашууда. Кинотеатрдын ичине чоң экран орнотулуп, финалдык беттешти көрүү үчүн кинотеатрга Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси, бир туугандары жана жакындары келишет.
SUPER.KG порталы түз эфирде Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин балбан кыздын жакындары менен кошо түз эфирде чагылдырат.