Бүгүн, 27-июлда кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында беттешке чыгып, анда 1/16 финалда орусиялык Алан Хубецовго жеңилип калды.
Кыргыз дзюдочусу беттешке машыктыруучусу жок жалгыз чыгып, беттештен кийин дагы машыктыруучусуз кетти. Олимпиадагы спортчулар машыктыруучусу менен жиберилгенин баса белгилей кетүү керек. Бул боюнча дзюдо федерациясына байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.
Ал эми Олимпиадалык дирекцияга байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.
Олимпиада оюндарында спортчулардын бардыгы мелдештерге машыктыруучулары менен чогуу чыгышат.
Буга чейин Владимир Золоевдин мелдешке формасында эч кандай жазуусу жок чыккандыгы кабарланган.
Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону.