Бүгүн, 3-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары Акжол Махмудовдун финалдык беттеши, Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши жана Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында чоң экранда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттештер Бишкек убактысы боюнча:
* Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши саат 15:15те;
* Акжол Махмудовдун финалдык беттеши саат 16:30да, А
* Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши саат 17:55те орун алат.