Бүгүн, 1-август күнү кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында килемге чыкты.
Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле коңшу казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Муну менен Жоламан чейрек финалга чыгып анда молдавалык Виктор Чобану менен кез келди. Анда кыргыз балбаны активдүү күрөшкөнү менен 8:0 эсебинде жеңилип калды.
Эгерде молдовалык балбан финалга чыга турган болсо Жоламан Шаршенбеков коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алат.