Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Токио-2020" Олимпиадасынын катышуучусу, оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбековду жана анын машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовду сыйлады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, шаар мэри оор атлетчиге, машыктыруучусуна жана спорт мектебинин директору Улан Молдодосовду жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, дагы ийгиликтерди каалап, Бекдөөлөт Расулбековго 100 миң, машыктыруучусуна 50 миң сомдун сертификатын тапшырган.
Бекдөөлөт Расулбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн бүгүн, 24-июлда Японияга учуп кетет.