Эртең, 27-июлда Кыргыз спортчусу Денис Петрашов Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкта брасс стилинде жарышка түшөт.
Кыргыз суучулу 200 метр аралыкка 8 спортчу, тагыраагы АКШнын Виргин аралдарынан келген Адриэль Сейнс, иорданиялык Амро Аль-Вир, исландиялык Антон Свейнн Макки, эстониялык Мартин Алликвеэ, колумбиялык Хорхе Мурильо, израилдик Рон Полонский жана латвиялык Даниил Бобров аттуу спортчулар менен жарышка түшөт.
24-июлда өткөн 100 метр аралыкта брасс стилинде сууда сүзүүдө Денис Петрашов 49 спортчунун ичинен 27-орунду камсыздаган.
Денис Петрашов Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.