Поэтерапия: "Түшүнүксүз болот гений чынында, Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Кыргыз поэзиясына жаңылык киргизген Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл акыны Рамис Рыскулов кечээ, 26-январда 87 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Ыр дүйнөдө "Ыр аке" атыккан акындын ырларынан окурмандарга сунуштайбыз.

"ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ"

Түшүнүксүз болот гений чынында,
Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга.
Ошон үчүн аны дароо таанышпай,
Кайсакташат кана алышпай сырына.

Гений койсо катуу коëт чекитти,
Чыгармада билет жандан кечишти.
Билет жана качан жарк деп чыгууну,
Билет качан сценадан кетишти.

Далай жылдар артта калат негедир,
Кызыкпастан жылдызданган багыңа.
Эч ким күтпөй эч нерсени турганда,
Атып чыгат бийиктикти сагына.

Генийлердин иши турат кычырап,
Чындык үчүн тагдыр жолу бычылат.
Ошон үчүн чыйрак чыгат сөздөрү,
Ыргактары ырларынын чытырап.

"КҮНДҮ ТОСУП ЧЫККЫЛА"

Эй, адамдар, ар күн таңда,
Күндү тосуп чыккыла!
Шимиргиле күн нурларын
Денеңерге,
Сиңиргиле көздөргө.
Ар күн таңда,
Ар күн таңда
Күн жолунда баскыла.
Күн менен бир иш баштап,
Күндөй ишти жасагыла!
Күндөй араан сүргүлө!
Күнүң тийгиз адамдык
Адамдарга!

"ЛАБИРИНТ"

Лабиринт- шаар,
Көчө толо адамдар.
Тааныштарым кайда житкен,
Кээ жолуккан такыр калат жолукпай.
Түшүп башка трамвайга
Адашкандан адашам.
Барып калам барбайм деген жагыма.
Көрбөйм деген адамдарды
Көрө баштайм.
Тунук витрина ичинде
Турушат
Сулуу манекендер.
Жер асты жол, асман жол,
Ошондо да кетким келбейт
Лабиринттен,
Кызыгына улам анын берилем.
Кезем-кезем Лабиринт шаар ичинде
Кезем, кезем!

"ТАЛАНТТЫН ТҮШҮ"

Пушкиндин тармал чачтары
Башыма келип конгондой,
Сүрөтүн сулуу периште
Маңдайга асып койгондой.
Таланттын таттуу түшүндө,
Магдырап жаттым ойгонбой.

Башынан кайта жаралып,
Барабан какты балалык.
Кызарып күнгө баратты,
Алыстан ак там агарып.
Күн нуру көзөп ал тамды
Баратты нары таралып.

Ойгонуп карайт дүйнөнү,
Өмүрдүн тепкен жүрөгү.
Балапан куш да пырылдап
Белгилүү канат күүлөрү.
Ырлардын көчү келатат
Жолдоштор, кулак түрөлү!
Ошол таңда ырыстын
Уясында түнөпмүн.
Кызыл-жашыл ырлардын
Саясында түнөпмүн.
Кылымды бойго түнөттүм,
Кылдарын терип жүрөктүн!

"ЫР ДЕСТЕ"

Туйлап көрсүн туйлай элек жүрөктөр,
Бийлеп көрсүн бийлей элек денелер.
Жыргап көрсүн жыргай элек көңүлдөр,
Турмуш кандай туу чокуну ашарда.
Гүлдөр кандай баш жөлөшөт жатарда.
Заман бүгүн өпкүлөйт
Жүздөрүнөн балдардын.
Кайда жүрсөм тууган жерим капарда.
Мына, мына мен да кирдим катарга
Сүйлөйм бүгүн аалам тилинде,
Бир башкача ийгиленет.
Куштун тили, гүлдүн тили, бала тил,
Бардык тилдин баркы чоң
Мен үчүн.
Биз баратсак
Шаңкаят алыс аскалар аскарланып,
Көлдөр жатат чалкарланып!
Ырдай электерге
Сунам ырдесте!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан