SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Ырыс Санат кызы болмокчу.
Ырыс Санат кызы Нарындын Жумгал районундагы Көк-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. Каарманыбыз туулуп-өскөн айылындагы жана Бишкек шаарындагы орто мектептерде окуп, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде билим алган. 2016-жылы мыкты окуучуларды колдогон "Санат" стипендиясын негиздеген. Учурда жергиликтүү басма сөз каражаттарынын биринде башкы редактордун милдетин аткарат.
"Апама рахмат"
Узак жүрдүм издеп сөздүн асылын,
Уурдасам да жазайын деп жан сырым.
Уяткардым мен өзүмдү а бирок,
Ушунчалык тайыз экен акылым.
Апа, сизге теңдеш сөздү издепмин,
Ушунчалык тайыз экен акылым.
Жашоодо көп мен сыйлаган асылдар,
Жоро-жолдош, улуусу да, жашы бар.
Жана дагы мени күтүп жаткандыр,
Жыгылганда жөлөп-таяр асыл жар.
Бирок, апа өзүң чачкан мээримдей,
Болбойт окшойт бул ааламда улуулук.
Баары таза, тунук, аппак перидей,
Берет сенин сүйүүң чексиз жылуулук.
Апакем ай, дале бала көрөт мени,
Ачык көңүл, бакыттын сиз себептери.
Кудайыма жана сизге рахмат,
Күлкүңдүн болсом экен себепкери.
Жаратканга жана сизге рахмат,
Күлкүңдүн болсом экен себепкери.
"Бербе мени эч кимге..."
Бүгүн дагы гүл көтөрүп колуңа,
Бат-бат басып, шашкалактап күлүп кел.
Бек кучакта, бекем кысып бооруңа,
Бүт дүнүйө арзыбаган сүйүү бер.
Коңур күздүн бир керемет кечинде,
Келдик окшойт түбөлүктүү чечимге,
Бек кучактап ишенимдүү сүйлөдүң,
"Бербейм сени, бербейм сени эч кимге!".
Бекем, тунук болсо экен сүйүүбүз,
Бербе мени, бербе мени эч кимге.
Сезимдерди миң жылдык деп кудалап,
Кайгы-капа, шектенүүнү кубалап.
Кетеличи сапар тартып алыска,
Токтотпосун бизди эч бир бурганак.
"Уулум бүгүн атакелеп оозанды"
Бүгүн уулум "атакелеп" оозанды,
Бүт дүйнөмдү элжиретип чок салды.
Бардык байлык алаканда тургандай,
Балам менин, сенден өткөн бак барбы?
Карап турам өзүңдү чексиз сүйүп,
Көңүлдө жай, эзилет отсуз күйүп.
Катаал мүнөз жумшарып барат улам,
Кайра-кайра сага бакыт, өмүр сурайм.
Алгач мен да "ата-апа" деп айтканда,
Кас-кас туруп, тай-тайлап басканда.
Ата-энем бак көлүндө сүзгөндүр,
Кубанычы жетип бийик асманга.
Арнап берген мага бүтүн дүйнөсүн,
Алар сымал мени бир жан сүйбөстүр.
Ыр дүйнөнүн сыйкырыбы, күчүбү,
Эмнегедир болуп кетем артист акын,
Ата-энемдин мээриминен үчүндүр,
Төрөлө элек балама арнап ырым жаздым.