Поэтерапия: "Акын кылып бүтмөй болдуң окшойт го, ала берип кайра-кайра тынчымды.."

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын каарманы - таланттуу акын Жылдызбек Турсунбаев. Ал 1982-жылы 15-августта Жалал-Абад дубанына караштуу Кара-Көл шаарында туулган.

2004-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин Коммуникация факультетинин "Радио, Телевидение жана киноискусство" бөлүмүн бүтүргөн. 2005-2008-жылдар аралыгында аталган окуу жайдын Коомдук илимдер институтун "Журналистика" багыты боюнча магистрдик программасында окуп диплом алган.

Манасчылык жана "Чечен айтыш" өнөрү боюнча республикалык бир нече таймаштардын баш байгесин багындырган. 2003-жылы Эл Аралык "Чыңгыз Айтматов" атындагы фонд тарабынан уюштурулган "Дебют-I" жайкы адабият мектебинин бүтүрүүчүсү.

Эл Аралык "Шабыт" чыгармачыл жаштар фестивалынын лауреаты. "Жаралуу сезимдер" жана "Дил чабыт" аттуу поэтикалык ыр жыйнактардын автору. Жүздөн ашуун аткарылып жүргөн популярдуу кыргыз эстрада ырларынын сөзүн жараткан. Учурда "Манас" радиосунда диктор болуп эмгектенет.

СЕЗИМ КААРМАНЫ

Тагдыр мага зор тамаша апкелди,
Татпасам да тамшандырган бак берди.
Таңдан кечке зарыктырган ооруга,
Таптым акыр: "Сүйүү" деген дарт белги.

Мазам качат махабатка татыбай,
Максаттарым үбөлөнүп жатыр ай.
Умсундуруп мокок кылган адамды,
Ушунчалык сулуусуңбу капырай?

Чыкса дагы жүрөгүмдүн быт-чыты,
Чырайыңа тартат жандын ышкысы.
Көңүлүмдү оорутууда өзгөчө,
Көздөрүңдүн сезимимди кыпчышы...

Мээрим нуруң мага болгон чымчымбы?
Менин сүйүүм океандай, бил чынды!
Акын кылып бүтмөй болдуң окшойт го,
Ала берип кайра-кайра тынчымды...

Күндөй сулуу ажарыңа чимирип,
Күйүт болдуң бешенеме чийилип?
Туйгун элем туш келгенди тоготпос,
Турпатыңа тизе бүктүм ийилип...

Карлыгачым, каарманы сырымдын,
Карайладым, жамалыңа урундум.
Кереметин ашыктыктын сезе албай,
Келип турат кайра баштан туулгум...

- Бүтпөгөн сүйүү темасы… Акындын дирилдек жүрөгү… Кечиккен махабат…Байкабай жактыруу... Башканын бактысы... Чайналган сезимдер... Тумандаган акыл... Куралган ойлор... Сени таштабаган калем... Жазылган жакшы ыр… ушул сыяктуу түркүн ойлордун негизинде жазылган.

МЕНИН БАБАМ

Менин бабам – өз доорунун кутманы,
Арбын болчу утулгандан утканы.
Ар убакта ойноп турчу жанында,
Манас, Барсбек, Атилланын рухтары!

Көчмөн эле, бир ордунда жайланбай,
Душманынан коркчу эмес тайманбай.
Мурункудан мурас жери бар эле,
Чын бейиштин бурчун кесип алгандай.

Алсыздарды мылтык менен атчу эмес,
Жаздыгына башын катып жатчу эмес.
Канжар сууруп жүрөгүнө сайса да,
Кастарлаган жерин такыр сатчу эмес.

Таланса да канча ашуу ашканын,
Тарых тактайт, кандай жолду басканын.
Биримдиги кыргыз атын өчүрбөс,
Бийик болчу чокусундай асканын.

Урпактарга казык кылып каруусун,
Унуттурбай эски менен жаңысын.
Коротпостон бергенине таң калам,
Каада-салтын, санжыранын баарысын.

Андай затка теңдеш болуу – негизсиз,
Азыр бизде айырма бар келишкис.
Билсек бүгүн эгемендүү өлкөгө,
Бабалардын күчү менен ээбиз биз!

Үмүттүңдү ким аткарды буйдалбай?
Үшкүрүнөм кээде арсыз муң бардай...
“Кыбыраңмын” деп айткандан уялам,
Көктөн бабам сындап карап тургандай...

Менин бабам – өз доорунун албаны,
Кымбат эле эр намысы кандагы.
Кылганынын кыпынына татыбай,
Майдаландык неге мынча балдары?

- Бул ойлор мени бир канча жыл өйүп жүргөн. Себеби бабаларыбыздын эли-жери үчүн унчукпай кылган эрдиктеринин бирин дагы жасай албай келебиз. Кичине бир нерсе аткарсак эле бакырып милдет кылып чыга калабыз. Өзгөчө ушундай мамиле пандемиялуу сыноо учурунда айкын билинбедиби. Ыр дагы ошол карантинге камалган кезде үйдө жатып жазылган.

ТОБО КЫЛ

"Батинкем жок" деп кайгы тартпай туруп,
Бир ирет айланага караңыз да.
Башына түшкөнүнө моюн сунуп,
Буту жок жүргөндөр бар арабызда.

"Манжама маржан шакек такпадым",- деп,
Муңканат эрке кыял, обу жоктор.
"Жашоодон кымбат нерсе таппадым",- деп,
Жан үрөп иштеп келет колу жоктор.

Ыйынып тирүүлүктөн азап тартып,
Ыйлашат кээ бирөөлөр дарексиз бир.
Көптөрү унутпаса ыйлап жатып,
Көрбөгөн адамдарды карексиз бир.

Кымбат баа телефон деп элирбестен,
Канаат кыл кулагыңдын укканына.
Канчалар дүлөйлүккө берилбестен,
Камыкпай чыдашууда бүт баарына.

Суроого жооп бербей ыңгыранып,
Себепсиз бой көтөрбө, улуксунуп.
Кудурет, күчү менен сыртын салып,
Көрмөкмүн койсо Кудай дудук кылып...

Семирип кеткениңе намыстанып,
Сын такпа сымбатыңа айып коюп.
Айрымдар тамак-аштан алыс калып,
Ачкадан өлүшүүдө арык болуп.

Толгонуп болбос ишке кейий бербей,
Тобо кыл тирүүлүккө келгениңе.
Тагдыр да сүйө бербейт жеңилгенди эй,
Тобо кыл учурдагы деңгээлиңе...
Тобо кыл жашап жаткан деңгээлиңе...

- Ар бир чагылдырылган сап башыман өткөн окуя. Көргөн нерсем мага катуу таасир калтырса жүрөккө сактап жүрө берем. “Тобо кыл” ырымдын ар куплетин ар учурда бөлүп-бөлүп 2 жылдай аралыкта жазгам. Чынын айтсам ырым менен башкаларга дагы мотивация бергим келген.

ЫСЫМЫ УЛУК АПАКЕМ

Баласы үчүн жүрөгүн чапкан,
Бактысын тилеп, бапестеп баккан.
Эмгеги тоодой, мээрими көлдөй,
Энекем – үйгө нур чачкан ак таң!

Карайлап түндө уйкудан туруп,
Колуна алып көңүлүн буруп.
Ыйласам тынбай бооруна кыскан,
Ысымың сенин канчалык улук!

Сыркоолоп калсам кирпигин нымдап,
Сооротуп карап, денимди чыңдап.
Жашыңдан мен деп курмандык кылдың,
Жашоонун далай жылдарын кымбат.

Кептериң алтын, кеңешиң бермет,
Кейисем жанды коёсуң эмдеп.
Өмүрдү белек кылганың үчүн,
Өзүңө апа карызым эң көп.

Балбылдап жансаң асманда апа,
Баалуу сөз таппайм жазганга апа.
Чыдабай ичтен толгонуп кетем,
Чачыңды буурул басканда апа.

Башымды ийип арыбайм апа,
Батаңды албай жарыбайм апа.
Чынында аман кашымда жүрсөң,
Чыксам да жүзгө карыбайм апа.

- Кимдер гана энесине арнап ыр жазбайт. Бирок ар учурда энеге деген сүйүү сезими ар түрдүү болот экен. Бул ырымды үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болуп калган кезде эле жазгам. Себеби чоң киши болуп калганыңдан кийин сени кемчилигиң, өзгөрбөс татаал мүнөзүң менен кошо сүйүп,энеңден башка эч ким деле эркелетпейт экен. Арийне, апакемдин ак сүтүнүн бир тамчысын актаганга татый турган ыр болсо кана...

КОШ ТОЛГОО

Көргүм келип ар жагын улам кырдын,
Көп учурда тагдырга сыр алдырдым.
Канча жанды кейитип бул өмүрдө,
Канча жанды билбеймин кубандырдым...?

Жазмышына ким болсун кабылабы?
Жалыкканда жаңгактай чагылабы?
Мен бирөөнү жүрөктөн күткөн сымал,
Мени дагы күткөндөр табылабы?

Боёгуна ишенбей жарык нурдун,
Болбос ишке кээ күндү карып кылдым.
Баары мени үмүткө алдагандай,
Балким мен да далайды зарыктырдым?

Түшүнгөндөр алымды баалагандыр,
Түшүнбөстөр шылдыңдап карагандыр.
Киши сөөрөйлөрдөн мен жадагандай,
Кимдир бирөө менден да жадагандыр...

Көңүлдөргө бүлүк ой салганы үчүн,
Көз жаштардын эрксизден тамганы чын.
Мен бирөөнү “сүйбөйм” деп ыйлаткандай,
Мени бирөө жактырбай чанганы чын.

Махабатка жетем деп жандым нечен,
Махабатсыз карайлап калдым нечен.
Азап тартып өзүңдү сагынгандай,
Алда кимди сагынта алдым бекен...?

- Бул ырдын баштапкы темасы “Өзүм менен өзүм” болчу. Жалгыз калганда көбүнчө ички "мен” менен баарлашам, салгылашам, талашам, тартышам, айтор кыжалат сезимдерге сейрек кабылам. Ошондой учурда жазылган ыр бул. Анүстүнө, өмүрдө бирөөлөрдүн жасаган жакшы-жаман кыймылдарын көрүп, “ордунда мен болсом кандай кылмак элем?” - деген салыштыруу менен жашайт эмесписпи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан