Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Соттук отурумга Жапаровдун жакындары, жактоочусу Шарабидин Токтосунов жана жабырлануучу Эмилбек Каптагаев келди. Шаардык соттун имараты милиция тарабынан курчоого алынган.
Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.