Оштун "Кемпир өлдү", "Тогуз себет, тогуз толгоо" жана "Сандык аңтармай" салттарын билесизби?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Кыз берип, уул үйлөнткөндө каада-салттар, ырым-жырымдары боюнча бир да аймак Ош жергесине жетпесе керек. Тойдун шаңы менен “эптүүлөрү” бир топ акча жыйнаганы сыр деле эмес. SUPER.KG порталы кыргыздын үйлөнүү тойлордо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдары менен тааныштырууну улантат. Буга чейин Нарын облусундагы "чач өрүү", "жоолук уурдоо", "түштөндүрүү" салттары тууралуу жазылган. Андан сырткары, Баткен облусундагы, Ысык-Көл аймагындагы "күйөө баланы кой сойдуруп сыноо", "жоолук жулмай" каадасы тууралуу да жазганбыз.

Бул жолу окурмандарга Ош аймагындагы үлпөт тойлордо сакталып келген каада-салттар, ырым-жырымдар жана акыркы жылдары жаңы пайда болгон ар түрдүү жөрөлгөлөр тууралуу кеп кылмакчыбыз. Үйлөнүү үлпөт тойдун айланасындагы салттар тууралуу бүгүн 6 баланын энеси, Мырзаке айылынын тургуну Изадатхан Турганбаева айтып бермекчи.

“Алты баланын энесимин, 3 уул, 3 кызым бар. Уулдарымды үйлөп-жайлап, кыздарымды турмушка узаткам, учурда 14 неберем бар. Түштүктө кыз берүү өзүнчө түйшүктүү иш, уул үйлөгөн алда канча жеңилирээк. Берилген калың канчалык көп болсо, ошого теңме-тең кошуп кыздын себин берүүгө туура келет. Мисалы, 200 миң калың берсе 300-400 миң сомго себин даярдоо керек болуп калат. “Баш-аяк сарпай” деген нерсе бар, ал кыз менен бала тарап бири-бирине кийим-кече арноосу. Ал жерде бала тарап кыздын үлпөт көйнөгүн, бут кийимин, бет, чач жасалгалоосун да көтөрөт. Кыз тарап күйөө балага костюм-шым, бут кийим, көйнөк сыяктуу нерселерин алып берет. Эми чынын айтканда бул жерде чек жок. Колунда барлары бриллиант сөйкөдөн тарта кымбат баалуу тондорду кийгизсе, күйөө баласына унаа белек кылган кайнаталар да бар. Бул нерсенин баары кызга куда түшүп келген күнү эл адында кийгизилип, тапшырылат. Андан сырткары куда-кудагыйга, чоң ага-эжелерине сарпай (кийит) кийгизүү керек. Айрымдар мындай учурларда намыстанып, элге көрүнөм деп жатып кантип карызга батканын да билбей калышат. Оштун айрым аймактарында кызга алынган кийим-кечелердин баары анын көшөгөсүнүн бетине илинет. Келген-кеткен коноктор, коңшулар аны көрүшү керек. Айта кетчү нерсе, акыркы жылдары жаңы ырым-жырымдар көп болуп кетти. Мен өзүм түштүктүн кызы болгонум менен көп нерселерин жат көрүнүш катары кабыл алам. Себеби бул нерсенин баары акча алып калуу же элге көрүнүү үчүн гана жасалат.

Негизинен кызга канча калың берген күндө да кыз тарап андан 100-200 миң сом ашыкча акча сарптайт. Себеби түштүктө кыз берген тарап дагарасынан тарта уктоочу керебет жана эт төшөк, жер төшөк, жууркан, жаздыкчаларына чейин берет. Кептин ачыгы көп ырым-жырымдарды эпчил жеңелер чыгарып коюп жатышат. Ашыкча чыгаша көп болуп кеткендиктен акыркы учурда эки тарап алдын ала сүйлөшүп, кеңешип той өткөрүүгө өтүштү. Бул нерсе ашыкча чыгымдарды жок кылууга багытталган”, - дейт Изадаткан апа.

“Сандык аңтармай” жөрөлгөсү

Түштүктүн көп аймактарында бул салт кеңири жайылган. Бул жөрөлгөнү жаңы келген келиндин кешигинен ооз тийүү, улуу кайнежелерге жакын кошуналарына сый көрсөтүү катары кабыл алууга болот. Сандык аңтармай салты илгертен эмес, кийинчерээк эле пайда болгону айтылат. Бирок бул жөрөлгө ким тарабынан жана кантип пайда болуп калганы тууралуу так маалыматтар жок. Мурда сандыкка жоолук-кече, бет аарчы, чүпүрөктөрдүн түрү салынып келчү. Учурда колунда барлары 1 баш койдон бери кошо сала келишет. Килем, төшөк, жаздыкча, кийим-кече, жоолуктун түрү, идиш-аяк, косметикага чейин салынып калган. Эң баалуусун уул тараптын эжелеринин бири алат. Сандыкты ачууга туугандардан тарта кошуналардан бери атайын чакырылат. Элдин көзүнчө сандыктын ичиндегилер чыгарылып, баарына бөлүштүрүлөт. Баалуу деп саналган белектер күйөө баланын эжелерине, жеңелерине, жакшы катышкан кошуналарына ыроолонуп таратылат.

“Кемпир өлдү... ” же акчанын күчү менен тирилген апалар

Куда тарап кыздын үйүнө сөйкө салуу үчүн келгенде аларды босогого отурган кемпир тосуп алат. Бул жөрөлгөнүн негизги максаты келген кудалардын берешендигин сыноо болуп саналат. Мурда миң сомго ыраазы болушса, азыр 2 миң сом да аз болуп калган. Акча канчалык көп берилсе “өлүп бараткан” кемпир ошончолук тез тирилип, меймандарга жол бошотот. Андан сырткары “от күйбөй жатат”, “аш бышпай жатат” деген шылтоо менен да акча алышат. Оштун айрым аймактарында “кемпир өлдү” салты менен кызга келген күйөө бала, анын жеңелерин жана жоро-жолдошторун да тосуп алат. Алар “кемпирди тирилт” деп, келгендер менен соодалашат.

“Бүчү боо” же куда тарапка кийит кийгизүү каадасы

Кудага сарпай кийгизгенде “бүчү боо” деген нерсеси бар. Ал куда тарапка конокко келгендер алган кийитине “көрүндүк” катары берилген акча. Бирок көп учурда аны куда өзү эле берип, кутулуп коёт. Ага болжол менен 2-3 миң сом акча сарпталат. Андан сырткары “батакана” деп кыз тарапка 4-5 миң сом өлчөмүндөгү акча берилет. Бул акча жакшы санаалаштарына 10 же 20 сомдон болсо да майдаланып таратылып берилет.

“Тогуз себет, тогуз толгоо”, “Сасык-сусук” жөрөлгөсү

Кыздын үйүнө барганда 9 себет жасалып, алып барылышы керек. Анда бир себетте жалаң кездеменин 9 түрү болот, тукабадан башталып 8 материалдын түрү салынат. “Сасык-сусук” (майда-чүйдө буюмдар мунун ичине оюнчуктар да салынат), бир себетке жалаң таттуулар, косметика анан, албетте, түштүктүн символуна айланган 20га жакын "патыр" нан салынат.

"Жүк жыйды” жана “төшөк суурумай” жөрөлгөсү

Келиндин себи тойдон 2-3 күн мурун болочок күйөөсүнүн үйүнө жеткирилет. Аны бала тарап өзү барып, жүктөп келишет. Андан соң “жүк жыйды” жөрөлгөсү менен бата берилип, жүктү жыюу милдети уул тараптын улуураак эжесине же жеңесине жүктөлөт. Кийин келинди үйгө алып келгенде кыз менен чогуу келген жеңесине кайненеси сүйүнчү берет. Кийин бала тараптын "сакалдуу" эжелери “төшөк суурумай” салтын жасайт. Анда чоң эжелеринин бири бир төшөк сууруп алат. Ага миң сом өлчөмүндө сүйүнчү бериши керек.

"Баяндос"

Баяндос бул да сый көрсөтүүнүн бир түрү. Баяндос - мында үйгө алгачкы жолу сый көрүүгө келген кудаларга, күйөө балага килем салышат. Бул жөрөлгө кудалар ынтымактуу болуп, эки жаштын жолу байсалдуу болсун деген тилек. Ошондой эле эки жаштын жолу ак болсун деп килемдин үстүнө ак жоолук салынат. Анда куда тарап анын үстүнө акча таштап өтүшү керек. Кийин аны коноктордун эң артында кирген кичүү жеңеси алып, үйүнө белек катары алып кетет.

“Түштүктө бир айылдын жөрөлгөсү менен экинчи айылдыкы айырмаланып турат"

Ал эми этнограф Октябрь Капалбаев кадаа-салт, ырым-жырымдардын 90 пайызы апалар жана жеңелер тарабынан чыгарылганын айтат.

“Түштүктө бир айылдын жөрөлгөсү экинчи айылдыкынан айырмаланып турат. Муну локалдык өзгөчөлүк деп айтса болот. Ырым-жырымдар региондук жана субрегиондук болуп бөлүнөт. Региондук деген аймактык өзгөчөлүк болсо, субрегион дегени тоолуу аймактарда башка, тоонун этегинде жашагандарыныкы башка, ал эми түздүктө жашап жаткандардыкы берки экөөнөн айырмаланат. Буга кошуна болуп жашаган башка улуттардын таасири чоң. Себеби башка элдин ырым-жырымы, салт санаасы менен аралашып кетет. Менин карындашым түштүккө турмушка чыккан, түндүктүн ырым-жырымдарынан айырмасы чоң экенине өзүм күбө болгом. Чынын айтканда биз аябай таң калганбыз, бизде мындай салт жок эле го дегенибиз эсимде калыптыр”, - дейт ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Muslim_KGstana.
2018-12-27 22:31:29
Урдум ушул салттарды Оштук болсомда
+16
Aima94
2018-12-28 10:48:50
Muslim_KGstana., Окуп шокмун. Өзүм оштук болуп
+2
Take_men
2018-12-28 13:04:11
Muslim_KGstana., Оштонсуңбу Чүйдөнсүңбү область эмес ар бир айылда өзүнүн салты бар. Салтты сактоо керек. Бирок ашыкча ысырап кылууга, той тамашага каршымын
0
jypara1415
2018-12-27 22:32:44
Тааныш жөрөлгөлөр ))))
Ысырап...жана керексиз ...
+16
JaneEr
2018-12-28 01:41:57
Эн жаманы ушунча чыгаша кетирип уйлонуп анан жаш уй-булодо аялы келиндик кызматта кайнене менен КРда,куйоосу Россияда уй салам деп кетип ошол жактан келбей коюп канча ажырашуу болуп жатканы....Баштан отту.Кайран гана акчаларым деп калам
+6
meni_kut
2018-12-28 08:24:53
Эл козу,эл созу....эх эл не дейт деп эле жашап журо беребиз
+5
BTFB93
2018-12-28 09:43:03
Негизи келинди алгандан кийин кулдай эле көрүшөт да кызмат кылсын дешип кимге тийген ким мн жашоосу болот деп ойлонушпайт
+2
max-bek
2018-12-28 09:44:19
Ушундай мааниси жок салттардын кереги деле жок.ашыкча чыгым,бири бирин кыйноо.анан дагы азыраак акча берип койсон таарынмай.кыскасы бир туйшук да.андан коро калын ушундай салттарды жок кылып.сеп бергенди да жойуп,эки жашка тойго кеткен чыгымдардын ордуна бир уй.уй болбосо да жер алып берип койсок ошондо буларлын келечегине чоооон салым кошкон болоор элек.
+5
Jelezo
2018-12-28 10:29:31
Үйү жок төшөнчүсү көп каяка жыйышат???
+1
nurka_85
2018-12-28 10:49:59
Ысырык салмай, куйоо баланы бекитмей, кызды бекитмей, загска келген машиналардын номерлерин бекитмей, бут кийим бекитмей ж.б. майда чуйдолор ото эле коп.
+2
Baku88
2018-12-28 11:12:16
Кыз мн жигит сүйлөшүп баштагандан баштап эки тарап бири бирин аңдып башташат той бүткүчө бири бирине атаандашып ошентип отуруп карызга белчесинен батып уул тарап анан тойдун эртеси карыз төлөш керек уул келинин Россияга айдайт барып иштеп карызды токкуло деп кетип ал жактан урушуп акча таппай жыл өтпөй ажырашып жандары тынып отуруп калышат эмне керек бар ушунун баары
+1
Alia82
2018-12-28 11:19:38
Жездесинин кулагын чоймойду айтпаптыр да, анан тошок жыймайга аркасынан женелери дагы келет себет мебет, ата корду дегени да болчуле, кыскасы толтура
+1
monster_high_98
2018-12-28 12:42:53
Бул салттары бир жеринде кирсин!Отурган турганына деле акча доолай берип олушот !Кээ бирлери тааныш салттар экен, ачыгы бизге пайдасыз нерселер!Акыбалга жараша эле иш кылсакчы!
+2
Chungyz
2018-12-28 12:58:10
Мындайда осурак жене чыгып калат
0
Take_men
2018-12-28 13:11:55
Күздө көп тойлорго бардым Бишкекте. Эсептеп көрсөм 1-3 млн сом кетет экен. Тойго келгендер берген конверт да каттоого жараша болуп негизи тойдун чыгымын жабат. Ошол ресторанга калган 1-2 млн сомдун жарымын элди үйүндө сыйлап жарымын жаш үйлөнгөндөргө берсе жакшы болот эле. Бул жерде ресторан гана олчойгон пайда көрүп жатат
+2
Aikaaaa
2018-12-28 15:17:07
Салттардын почти баары акча сураган салттар да, үйлөнгөн жаштар жакшы жашап кетсин деген ырымы жок экен
0
talas0707
2018-12-28 15:38:53
Качан ойлонобуз кыргызым! Кереги жок экенин билебиз баарыбыз, анан болбой эле баягы Эл айтат деп кыла беребиз. Кел токтотолу ысрапкорчулукту, озубуздон баштайлы! Эл айтып келген и айта берет. Сен токтот мен токтойун анан баары токтотот. Болбосо журо беребиз россиялап. ОЙЛОН КЫРГЫЗ!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан