Ата салты: Кыргызда "шыралгала" деп кимди алкашкан? Шыралга түшүнүгү тууралуу

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Кыргыз эли улуттун уюткусу болгон каада-салтка, үрп-адатка ар кандай ырым-жырымдарга бай. Байыртан көчмөндүк турмушту башынан өткөргөн элде бала төрөлгөндөн тартып акыркы сапарга узаганга чейинки жашоосун ар кандай жөрөлгөлөр коштоп келет.

Кыргызда аңчылыкка байланышкан "шыралга" салты болгон.

Мергенчиликке барып олжолуу кайткан киши олжосун жалгыз жеген эмес. Астынан чыккан адамдар менен бөлүшкөн. Атып алган кийиктин этинен бөлүнүп башкаларга берилчү үлүш шыралга деп аталган. Уудан жолдуу кайткан мергенчиге жолуккан киши аны "шыралга" деп чакырса, анда мергенчи эзелки салт боюнча "шыралга" деп чакырган кишиге атылып алынган жаныбардын бир бөлүгүн берүүгө милдеттүү болгон. Анын этин алып, ыраазы болгон жолоочу "шыралгала" деп жооп айткан.

Шыралгала - аңчылыгың ийгиликтүү болушун каалайм, жолуң болсун дегенди түшүндүрөт. Айрым учурларда аң уулоодон олжолуу кайткан мергенчилер үйлөрүнө куру кол келген учурлар да көп кездешкен. Себеби "шыралга" деп чакырып, жолдон кезиккен ар бир адамга мергенчи атып алган жаныбардын эти менен бөлүшкөн.

Салт таануучу Садыркул Өмүрбаевдин айтымында, шыралга жөрөлгөсү башка элдерде да кездешет.

"Сибирь элдеринде шыралга жөрөлгөсү "эвенк", "эвен" деп аталат. Аларда олжолуу кайтып келе жаткан мергенчи шыралга сураган кишиге эттен кесим эмес, ага кошуп олжонун терисин да берген. Ошондой эле бул көрүнүш монгол элдеринде да кезигип "шорлого" деп аталат. Шорлого бир кесим эт дегенди түшүндүрөт. Демек, шыралга жөрөлгөсү монгол жана кыргыз элинде окшошуп кетет", - дейт Өмүрбаев.

Ошондой эле Өмүрбаевдин айтымында, шыралгага улай эле мергенчилердин арасында "уча" деген да жөрөлгө болгон. Анда жөө жүргөн аңчы ат минип жүргөн мергенчиге "уча" деп айтса, атчан мергенчи ага атын убактылуу берип турганга милдеттүү болгон. Өз кезегинде атты убактылуу алган мергенчи аны ээсине эгерде олжолуу кайтса шыралга менен кошо кайтарып берген.

Жогоруда сөз болгон жөрөлгөлөр кыргыз элинин өзгөчөлүгүн, кең пейилдигин жана тааныбаган адамга да акыркы ашын, минип жүргөн аты берүүгө даяр болгондугунан кабар берет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlan2196
2018-10-18 15:03:03
Кыргыздар тарых, руханий жактан абдан бай элбиз. Азыр динге шылтап арабтардын каада салтын, кийген кийимдерин жайылтып жатышат.
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан