Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда кармалгандардын соту 10-июлда уланат

Бүгүн, 7-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде "баш аламандык уюштурган" деп айыпталып кармалган жарандардын иши боюнча соттук отурум өттү. Соттук отурумдун жүрүшүндө Бишкек шаардык Патрулдук милициянын кызматкери Эркинбек Алканов күбө катары суралды.

Ал өз көрсөтмөсүндө митингчилер темир тосмону тарткылап, агрессивдүү болуп жатканын айтты.

"Митинг учурунда мас абалдагылар жүрдү. Провакаторлор бар же жок экенин билбейм. Күч менен Жапаровду бошотобуз дегенди уккан жокмун", - деди Алканов.

Айыпталуучулар 1 жумада эки жолу соттук отурум өткөрүп чечимди тездетип чыгарууну суранышты. Отурумда күбө катары мамлекеттик айыптоочулар тарабынан дагы 8 адам суралмакчы. Соттук отурум жыйынтыкталды. Кийинки отурум 10-июлга калтырылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан