"Кыргыз кыз-келиндерин чет өлкөдө пол жууп, идиш жууп, оор иштерди жасашын каалабайм" дейт Орусияда эмгектенген кыргыз жигити (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Өлкөбүздө миграция маселеси дале актуалдуу бойдон калууда. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз айлап-жылдап тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн гана эмес, өлкөнүн экономикасынын арабасын кошо тартып келе жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы.

SUPER.KG порталы алыста жүргөн мекендештердин бейнеси, учурдагы абалы, аталган өлкөдөн алган таасирлери тууралуу баяндап берүүнү улантат. Бүгүнкү каарманыбыз Нурсултан Зулпуев менен Орусиядан топтогон тажрыйбалары, мигранттардын жашоосу жана кызыктуу күндөрү тууралуу маек курдук.

Нурсултан Зулпуев 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Азыркы учурда Москва шаарында эмгектенет.

- Москвада учурда эмне жумуш кыласыз?

- Москвада көп жумуштарда иштеп, эл иштеген жумуштардын көбүн жасап көрүп, өзүбүздү ар тараптан сынап келе жатабыз. Учурда компаниялардын биринде жеткирүү кызматында иштейм жана өзүбүздүн чакан ишкерчилигибиз да бар.

- Социалдык тармактарда мигранттардын саны азайгандыктан, Орусияда кар күрөлбөй калды деген өңдүү пикирлер жазылып жатат. Буга сиздин пикириңиз.

- Кар күрөө бул жакта турсун, москвалыктар башка толгон жумуштарын бүтүрө албай калышты. Бул орустар үчүн зыян, ал эми мигранттар үчүн кыйынга турса да, чоң пайда, мүмкүнчүлүк болду, жумуш акы жогорулады.

- Мигрант сөзүн укканда көз алдыңызга келген элестер...

- "Яндекс" такси, "Деливеринин" жашыл адамдары, Кореяда портер айдаган, Германияда кулпунай терген, Америкада трак айдаган, Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарында официанттар элестейт.

- Москвада ишкерлик менен алектенип баштаганыңыздан кабарыбыз бар. Бул тууралуу азын-оолак сөз кылсаңыз.

- Максаттарга жетүүгө финансынын таасири чоң. Анан да "Бирөөнүн кол алдында иштеп, эч ким бай болуп кеткен эмес" деген сөз бар эмеспи. Финансылык жактан эркин бололу деп тамак-аш тармагында ишкерчилигибизди баштаганбыз. Даамдуу, тоюмдуу, эң негизгиси адал тамактарды тигүү цехтерине, фабрика, кампаларга, курулушта жана башка көпчүлүк киши иштеген жерлерге жеткирип берип жатабыз.

- Акыркы учурда интернет адамдардын жумушун жеңилдетип, жакшы шарт түзүп бергени кубантат. Бирок интернеттеги оюн ойногондордун саны күн санап көбөйүүдө. Алардын ичинде мырзалар, мектеп окуучулар, жадакалса айымдар дагы бар. Бул көйгөйдөн кантип чыксак болот деп ойлойсуз?

- Интернет оюндарын ойногондор жөнүндө бир нече күн мурун социалдык тармактагы баракчама пикир калтырган элем. Максаттын жоктугу. Чындыгында - жүрөктү өйүгөн бир чоң маселе болгондуктан кол куушуруп четте карап отуруу туура эмес деп эсептейм. Себеби эң чоң ысырап, убакытты ысырап кылуу болгондуктан жаштар убактысын бөөдө коротпосо дейм. Артта калган ар бир мүнөт тарых. Ар бирибиз өз тарыхыбызды жазып жатканыбызды ойлонсок, баары өз ордуна түшөт беле...

- Көп жылдан бери өлкөбүздө миграция маселеси актуалдуу болуп келүүдө. Көпчүлүк барып алсак эле анан жумуш таап, жашап кетебиз деген ойдо болгондорду угуп келем. Орусияга барып алгач иштөө үчүн кайсы жагдайларды эске алуу зарыл?

- Москва - мүмкүнчүлүктөрдүн шаары. "Өнөрүң болсо өргө чап" дегендей, кимдин кандай жөндөмү болсо, ошого жараша киреше тапса болот. Алсыз, бош болбоо керек, өзүңө тың болушуң зарыл. "Сапарга күчтүүлөр чыгат" деген сөз да жөн жеринен айтылбаган чыгар. Кыздардын келүүсүнө каршымын, жигиттерге айдоочулук күбөлүк алууну сунуштайм.

Өлкөбүздүн ар тараптуу арта калууларынын чоң себептеринин бири - интеллектуалдык, физикалык күчтүү инсандардын аздыгы. Эгерде кыздар, айымдар өздөрүн өнүктүрүп, ден соолугуна карап, илим-билим албаса, анда алар күчтүү муунду тарбиялап чыгара албайт. Аялзаты ханышадай болуп урматталып, эң чоң милдет бала тарбиясы менен алек болгону жакшы.
Ар тармакта иштеп көргөн адам катары айтсам, иштеген адамда китеп окууга убакыт азаят, чарчайт. Аялзаты табиятынан назик, алардын китеп окуп, илим алып, ар түрдүү ийримдерге баруусун каалайм. Чет жакка чыгып пол жууп, идиш жууп, оор иштерди жасашын каалабайм.

- Эң сонун, мыкты жооп болду. Москвада жашап, эмгектенип жатып кызыктуу окуяларга туш болгон чыгарсыз.

- Албетте, кызыктуу учурлар көп кездешет. Өткөн жылы Айт майрамында айт намаздан чыктык. Адамдын көптүгүнөн тыгын жаралып, метронун эшигинен эл өткөнү билинбей ордубузда туруп калдык. Полиция, Орусиянын улуттук гвардиясынын күч кызматкерлеринин айласы, элдин сабыры кетти. Акыры үн чыгаргыч менен "эгер тартип сактабасаңар бул станция да жабылат" деп кыйкыра башташты. Баары бир пайда жок. Элди аралап барып, үн чыгаргычты кармап турган аскерден "мага берип турасызбы" десем берип калды. Анан бийик жерге чыктым да кыргызчалап кыйкырдым: "Урматтуу мусулман бир туугандар, биз улуу айт майрамынан чыктык, бизди башкалар карап турат, тополоң кылып, уят, шерменде болуудабыз" дегиче тартип сакчылары мен тарапка умтулушту эле, алардын кол башчысыбы, айтор улуураак бирөөсү "кыйкыра бер, токтобо, тийишпегиле" деп калды. Анан абалды кыргызчалап түшүндүрүп, кезек менен кирели, аялдарды, карыларды, жаш балдарды биринчи өткөрөлү десем көпчүлүк колдоп, тынчтанып калышты. Ошентип ошол жерде эл азайгыча туруп, анан өзүм да майрамдайын деп баса бергем (күлүп).

- Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги менен тыгыз байланышта болуп турасыздарбы?

- Жеке менин элчилик менен байланышым жок. Бирок алдыда байланыш түзүүнү, пландап жүргөн иштеримди аларга сунуштап, биргеликте мекендештер үчүн мыкты долбоорлорду уюштурсак деген үмүт-тилектерибиз чоң.

- Мигранттар тууралуу социалдык тармактарда актуалдуу, көйгөйлүү маселелерди көп жазып турасыз. Мигрант болуп барган мекендештерибиз өзгөчө кайсы кыйынчылыкка көп туш болушат?

- 10-15 жыл мурункулардын башынан өткөргөндөрүн угушума караганда, азыр жыргал эле болуп калган. Мени кооптондурган чоң көйгөйдүн бири - биз келечегибизди жоготуп жаткандайбыз. Бул жактагы 5-10 миң эмес, миллиондон ашуун кыргыздын 100 миңдеген балдары өң-келбети эле кыргыз болуп калгандай... Орусияда төрөлүп, орустун нанын жеп, орус балдар бакчасына барып, орус мектепте окуп, достору, мугалимдери, сүйлөгөн тили, көргөн мультфильми, киносу орусча, уккан жомогу орустун "богатырлары" жана башка нерселер орусча. Үйүндө 1-2 саат ата-энеси менен болсо ал бала кантип кыргыз болот?

Ал балдар дүйнөдөгү аянты эң чоң болгон Орусия Федерациясынын борбор шаарында, дүйнөнүн эң өнүккөн мегаполистеринин биринде чоңоюп жатышса, кантип алардын жүрөгүнөн Кыргыз өлкөсү деген, көп жактан артта калган өлкөгө болгон сүйүүнү ойгото алабыз?

- Ыраазычылык билдиребиз! Ойлогон ой-максаттарыңызга жетиңиз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jaz99
2021-02-17 20:20:55
Мен да ошентип ойлойм туура созду козгоптур
+4
bond0202
2021-02-17 20:39:25
Президентибиз барып мигранттар учун женилдиктерди чечип келсин.
+4
Agayu
2021-02-18 02:49:00
Сүйлөттүрүп эле койсо бизди .Бай жашаш кедей жашаш ар бир адамдын өзүнөн көз каранды .Аны эч ким түшүнбөйт
+5
Mirlan27011987
2021-02-18 13:15:06
Кыз-келиндер бактылуу болуш учун эн биринчи билимдуу жана эркин болуш керек. Экинчидин мигранттарга эч жерде майлуу, сутуу кызматты сунушташпайт. Дуйно жузу боюнча мигранттарга кара жумуш гана сунушталат. Анткени Европа, Россия, Кытай, Япония сыяктуу олколор биринчи кезекте оз жарандарын ойлойт.
+4
Aky12
2021-02-18 15:29:44
Туура айтат, чет жерде торолуп оскон балдардын Кыргызстанга болгон суйуусу жок.Менин тууганымдын балдары бир ооз кыргызча соз билишпейт, Кыргызстанга келгиси да келбейт
0
ulua
2021-02-18 15:58:26
Туура ой жугуртот экен аябай, орустарда чонойгон балдар эртен Кыргыстан деп эя качан куйбойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан