"Токио-2020" жайкы Олимпиадасы 23-июль күнү старт алат. Эртең баштала турган ири спорттук иш-чарада кыргыздын намысын 16 спортчу коргойт. Алардын арасында грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков дагы бар. Ал 97 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыгат.
Аты-жөнү: Үзүр Жусупбеков;
Туулган жылы: 1996-жыл;
Туулган жери: Бишкек шаары;
Спорттун түрү: Грек-рим күрөшү;
Спорттук жетишкендиктери:
Монголиянын Улан-Батор шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль (2013);
Болгарияда өткөн "Dan Kolov/Nikola Petrov" эл аралык мелдеште күмүш медаль (2017);
Азербайжандын Баку шаарында өткөн күрөш боюнча мелдеште күмүш медаль (2017);
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медалдын ээси (2018);
Болгарияда "Дан Колов - Никола Петров" күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло медаль (2019);
Кытайда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль (2019);
97 килограми салмак ченинде 2021-жылдагы өлкө чемпиону (2021).
2021-жылдын 9-апрелинде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринде күрөштүн грек-рим түрү боюнча 97 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков мелдештин жарым финалына жетип, жарым финалда түштүк кореялык балбанды 6:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Финалга чыккандыгына байланыштуу Үзүр Жусупбеков Кыргыз курамасынын пайдасына тогузунчу жолдомону алып, Олимпиадага жолдомо уткан.