Бүгүн, 2-августта балбан Акжол Махмудов бүтүндөй кыргыз элине кубаныч тартуулады. Тактап айтканда, Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарындагы жарым финалда Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалян менен кез келип, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алды. Көпчүлүк балбанды алкап, эми алтын медалдан үмүт чоң деген ойлорун социалдык тармактарга жазышууда.
Бул арада интернетке Бишкектеги "Дордой" базарынан видео тарады. Видеодо намыс талашчу учурда кыргыз бир муштумга бириге калып, мелдешти чоң эмоция менен көрүп жаткандыгы көрүнөт. Махмудовдун жеңишин контейнерлердин бириндеги сыналгыдан көрүшүп, кол чаап, кубанып көрүп жатышкан.