Олимпиада: "Бирөө коло медаль үчүн". Бүгүн төрт кыргыз балбаны килемге чыгат. Кимдер? (тизме)

Бүгүн, 2-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында төрт кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов алгачкы атаандашына каршы килем үстүнө чыгат. Анын атаандашы тунистик Ламжед Маафи болот. Ошондой эле 97 килограмм салмак категориясында Үзүр Жусупбеков армениялык күчтүү делген Артур Алексанян менен кез келет.

Мындан тышкары кыз-келиндер күрөшүндө Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христово менен кез келет. Беттештер Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 08:00дө башталат.

Кечээ, 1-август күнү жарым финалда америкалык балбанга жеңилген Айпери Медет кызы коло байге үчүн бүгүн, 2-августта килемге чыгат. Коло байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 17:55те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Janel2013
2021-08-02 08:09:00
Ийгилик!
+3
meni_kut
2021-08-02 08:12:03
Ктрк спорт каналы иштебей жатат, элдер кайдан коруп жатасынар жазып койгулачы сураныч
+2
Nursul
2021-08-02 08:42:52
meni_kut, КТРК спорт каналы иштеп атат ошондон эле көрүп атам
+1
chyrok
2021-08-02 08:41:25
Ийгилик коштосун,баталар кабыл болсун!
0
nurka_85
2021-08-02 08:53:55
Бугун кубанычтуу кабарларды угуп эле жарылайын деп семирип калган кундордон болсун!!!
+3
zhaynak
2021-08-02 08:55:17
Не болду ошондо
0
meni_kut
2021-08-02 09:06:28
zhaynak,билбейм
0
Belek1710
2021-08-02 09:08:43
Айсулуу алтын багындырды деп атты эле ал мурдагы алтынбы?
0
Erlan_95
2021-08-02 10:50:11
Belek1710,ал Азия чемпионгдугунжа
0
madrid7000
2021-08-02 09:13:10
Ссылка жиберип койгулачы чет жактан коро албай жатабыз
0
Mister-XXX
2021-08-02 09:31:12
Мээрим акыркы секундда женишке жетти.Азамат!!!
+2
Salixa.
2021-08-02 12:34:08
Ийгилик Мээрим!Сени менен кошо ойногондой болдук ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан