Бүгүн, 25-июлда фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчу Роман Петров 1/16 финалга чыккан.
1/16 финалда Роман Петров япониялык спортчу Ямада Масаруну менен кез келип, атаандашына 15:13 эсебинде жеңилип, Олимпиада оюндарындагы жүрүшүн токтотту.
Роман Петровду жеңген япониялык Ямада Масару 1/8 финалда казакстандык Руслан Курбанов менен кез келет.