"Токио-2020" жайкы Олимпиадасы 23-июль күнү старт алат. Эртең баштала турган ири спорттук иш-чарада кыргыздын намысын 16 спортчу коргойт. Алардын арасында жөө күлүк Дарья Маслова да бар. Күйөрмандары сары кыз деп эркелеткен спортчу менен тааныштырабыз.
Аты-жөнү: Дарья Маслова;
Туулган жылы: 1995-жыл 6-май;
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары;
Спорттун түрү: Жеңил атлетика;
Үй-бүлөлүү.
Спорттук жетишкендиктери:
Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 3 миң жана 5 миң метр аралыкта жеңүүчү (2014);
"Рио-2016" Олимпиадасында 19-орун;
IV Ислам тилектештик оюндарында коло байге (2017);
Азия чемпиондугунда 5 миң метр жана 10 миң метр аралыктагы жарыштарда алтын медаль (2017);
Дүйнөлүк универсиадада 10 миң метр аралыктагы жарышта чемпион (2017).
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча 2 алтын медалдын ээси (2018)
Беларусь өлкөсүндө өткөн ачык чемпиондукта жеңүүчү (2019)
2019-жылдын 1-декабрында Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Ошентип спортчунун убактысы Токиодогу олимпиадалык оюндарына лицензиянын нормативин аткарууга мүмкүнчүлүк түзгөн.