"Токио-2020": Мээрим Жуманазарова жеңилүү ызасын тартып калды

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.

Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал болгариялык Мими Христово менен кез келип, 6:5 эсебинде акыркы секундда жеңип алган.

Муну менен Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыгып, анда нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашына 3:2 эсебинде жеңилип калды.

Эгерде нигериялык балбан кыз финалга чыкса Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Serenada
2021-08-02 10:34:01
Аа кокуй
-3
Erlan_95
2021-08-02 10:48:51
Тиги финалга чыкса экен. Абдан опытный турбайбы. 32 жашта. Биздин кыздын биринчи Олимпиадасы. Жаш али. Буйруса Мээрим дагы женуучу болот созсуз.
+11
Jonisem
2021-08-02 10:52:48
Erlan_95,адашып минус басып алдым доске ++
+9
meni_kut
2021-08-02 11:15:24
Баарибир сыймыктанабыз келечеги бар кыз
+8
Serenada
2021-08-02 11:19:39
Ушундай колдоп дух берип турганыбыздын озу жакшы Казактарда комментерин окусан энезин эмгизип жазып жатышат
+8
bema_bema
2021-08-02 14:38:25
Кыздарыбыз жаш али коп ийгиликтер бар молодец,мамлекеттен жардам жок бизде , башка олкодогулордой машыгууда условия да алардай эмес . Ушунча тен келип,тен чыгып бир упайдан женилип калып жатышат, судялар дагы кичине бай олколорго тартып койуп атат дегендей. Жаман соз жазбай кыздарыбызды которойлу .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан