Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларынын арасынан коронавирус 16 оюнчудан аныкталды. Бул тууралуу Олимпиаданын уюштуруу комитетинин басма сөз кызматынан кабарланды.
"Вируска чалдыккандардын арасында Олимпиада шаарчасында жашаган 3 спортчу да бар. Муну менен олимпиаданын катышуучуларынын арасында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 153кө жетти", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу бир катар чектөөлөр менен өткөрүлүп жатат. Буга чейин мелдештерди көрүүчүлөрсүз өткөрүү чечими да кабыл алынган.