Бүгүн, 3-августта кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет килем үстүнө чыгат.
Айсулуу Тыныбекованын кичи мекени болгон Нарын облусунун Кочкор районунда дагы балбан кыздын жарым финалын "Чолпон" кинотеатрында чоң экранда көрсөтүлөт.
Бул тууралуу райондун акиминин орун басары SUPER.KG порталына билдирди.
Учурда райондун борборунда Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү түшүрүлгөн баннерлер илинди.
Райондук администрация тургундарды кинотеатрдан балбан кыздын жеңишин чогуу көрүүгө чакырат.