Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз курама командасы 54 эмес, 56-номур менен чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тастыктады.
Парадга чыгуу тизмеси япон алфавити боюнча аныкталган. Кыргыз курамасынын астында Кирибати командасы чыкса, бизден кийин Гватемала курамасы парадга чыгат. Парадда Кыргыз курамасынын желегин ок атуучу Каныкей Кубанычбекова жана суучул Денис Петрашов көтөрүп басышат.
Буга чейин мамлекеттик агенттик Кыргыз курамасы парадда 54-номур менен чыгарын билдирген.
Парадга эң алгач Олимпиада оюндарынын мекенин көрсөткөн Грециянын курамасы чыгат. Андан кийин качкындар тобу болот. Олимпиаданы өткөрүүчү өлкө Япониянын курама командасы парадды жабат. Япониянын алдында кийинки эки жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган АКШ жана Франция командалары өтөт.