Коронавирус: Ливандын ооруканалары медициналык жардам көрсөтүү токтотулганын жарыялады

Ливандын ооруканалары бейтаптарга, анын ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп ооруканаларга кайрылгандарга электр генераторлору үчүн күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам жардам көрсөтө албай тургандыгын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ливан катуу экономикалык кризисти башынан өткөрүп жатат, дарыгерлер саясатчыларды кырдаалды сактап калуу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө үндөшүүдө. Ливандын көпчүлүк аймактарында электр жарыгы күнүнө төрт сааттан ашык берилбейт. Калган убакытта күйүүчү майдын тартыштыгын жараткан генераторлор колдонулат.

Мындан тышкары бул өлкөдө дары-дармектердин жетишсиздиги дагы маселе жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан