Бүгүн, 24-июль күнү ок атуучу Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады.
Кыргыз ок атуучусу Олимпиадада 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи. Муну менен Каныкей Кубанычбекова жайкы Олимпиада оюндарындагы жүрүшүн токтотту.
Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.