Токио-2020: Алгачкы медалды уткан 22 жаштагы Акжол Махмудовдун финалдык беттешинин видеосу

Токио-2020 Олимпиадасында балбаныбыз Акжол Махмудов өлкөбүздүн капчыгына алгачкы күмүш медалды алып берди. Балбан финалдык беттеште венгриялык күчтүү спортчу Тамаш Лёринц менен кез келип, бир гана упай артыкчылыгында, тагыраагы 2-1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Бирок Акжол Махмудов 13 жылдан бери алгачкы ирет Кыргыз өлкөсүнө Олимпиада медалын алып берди.

Белгилей кетсек, кыргыз балбаны алгачкы беттешинде тунистик Хамджед Маафини, чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейнов жана жарым финалда армениялык күчтүү балбан Карапет Чалянды утуп финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан