Бүгүн, 3-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күндүк беттештери орун алууда.
Олимпиадага күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмакта катышып жаткан Атабек Азисбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда венгриялык күчтүү делинген Виктор Лоринц аттуу балбан менен кез келди.
Кыргыз балбаны мыкты күрөш көрсөткөнү менен атаандашы бир топ күчтүү болуп, Атабек Азисбеков венгриялык балбанга 6:1 эсебинде жеңилип калды.
Эгерде венгриялык балбан финалга чыкса, Атабек Азисбеков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.