Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 31-июль Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кытай 19 алтын, 10 күмүш жана 11 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Япония 17 алтын, 4 күмүш, 7 коло медалы менен жайгашса, АКШ 15 алтын, 17 күмүш жана 11 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.