Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 29-июль Бишкек убактысы боюнча саат 12:30га карата Кытай 14 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 13 алтын, 14 күмүш, 10 коло медалы менен жайгашса, Япония 13 алтын, 4 күмүш жана 5 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.