Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Япония Кытай менен АКШдан ашып өтүп, медалдардын саны боюнча алдыга чыкты.
Бүгүн, 27-июль Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Япония 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалы менен биринчи орунда. Жадыбалда кийинки орунда АКШ 7 алтын, 3 күмүш, 5 коло медалы менен экинчи орунга жайгашса, Кытай 6 алтын, 5 күмүш жана 7 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.