Коңшу Казакстандын оор атлетчиси Игорь Сон 61 килограммга чейинки салмак категориясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду.
Маалыматка ылайык, оор атлетчи штанганы жулкуп көтөрүүдө 131 килограмм жана түртүп көтөрүү боюнча 163 килограмм болуп, жалпы 294 килограмм көтөрүп, коло байге утту. Бул салмак категорияда алтын медалды кытайлык оор атлетчи Ли Фабинь жеңди. Ал жулкуп көтөрүүдө 141 жана түртүп көтөрүүдө 172 килограммды көтөрүп, Олимпиадалык рекордду жаратты.
Казакстан муну менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы экинчи коло байгесин утту. Биринчи коло байгени дзюдо боюнча Елдос Сметов жеңип алган.