Социалдык тармактарда Араван районунун тургундары Акжол Махмудовдун жеңишин майрамдап жатышат деген аталыштагы видео тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, "Токио-2020" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медалды багындырган Акжол Махмудовдун жеңишинин урматына Ош облусуна караштуу Араван районунун тургундары көчөдө өзгөчө шаң менен майрамдап, фейерверктерди аттырышты.