Кыргыз суучулу Денис Петрашов Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 8 спортчунун ичинен 1-орунда келди.
Кыргыз суучулу 200 метр аралыкты 2 мүнөт 10 секунд 7 миллисекундада сүзүп өтүп, тайпасында 1-орунду камсыздады. Экинчи орунда келген исландиялык суучул Денис Петрашовдон дээрлик 1 секунд артта келди.
Бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыгат. Азырынча финалисттердин курамы аныктала элек.
Денис Петрашов Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.