Нурбек Изабековдун айтылуу үч кызынын бири Мээрим Жуманазарова тууралуу айтып беребиз

"Токио-2020" Олимпиадасынын бүйүр кызыткан таймаштары башталуу алдында турат. Аталган иш-чарада өлкөбүздүн намысын коргоо үчүн алгачкы спортчуларыбыз Япония жергесине учуп кете башташты. Алардын ар биринен кыргыз элинин үмүтү чоң. Элибиз үмүт артып турган балбандарыбыздын бири Мээрим Жуманазарова тууралуу айтып беребиз.

Туулган жылы: 1999-жыл 9-ноябрь.

Туулуп-өскөн жери: Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Оро айылы.

Үй-бүлөдө: Сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет.

Спорттун түрү: Эркин күрөш.

Машыктыруучусу: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков.

Жетишкендиктери:

2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;

2015-жылы Индияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль;

2016-жылы Грузияда өткөн Дүйнө биринчилигинде коло байге;

2017-жылы Бангкокто өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль;

2017-жылы Финляндиядагы дүйнө чемпионатында коло медаль;

2017-жылы Ашхабаддагы Азия оюндарында коло медаль;

2020-жылы Сербиядагы Дүйнө кубогунда алтын медаль;

2020-жылы Польшадагы Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль;

2021-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль;

2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;

Белгилей кетсек, балбан кызыбыз 2-август күнү килемге чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан