Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.
Ачылыш азем коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтөт. Аземге алгач Греция курамасы чыкса эң акыркы Япония курамасы чыгат. Кыргыз курамасынан желекти ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат.
Ачылыш азем Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта аяктайт. Олимпиадага болжол менен 12 миң 500дөн ашуун спортчу катышат.