Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШны артка калтырып, медалдардын саны боюнча биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 4-август Бишкек убактысы боюнча саат 19:20га карата Кытай 32 алтын, 22 күмүш жана 16 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 25 алтын, 30 күмүш, 22 коло медалы менен жайгашса, Япония 21 алтын, 7 күмүш жана 12 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Ал эми Кыргыз өлкөсү 2 күмүш (Айсулуу Тыныбекова), (Акжол Махмудов), 1 коло медалы (Мээрим Жуманазарова) менен 61-орунга чыкты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.