Спорттун ок атуу түрү боюнча "Токио-2020" Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган алгачкы кыргыз спортчусу, ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, ок атуу боюнча өспүрүмдөр командасынын улук машыктыруучусу Каныкей Кубанычбекова менен тааныштырабыз.
Туулуп-өскөн жери: Бишкек шаары
Туулган жылы: 1999-жыл 30-сентябрь
Спорттун түрү: Ок атуу
Жетишкендиктери:
2017-жылы Татарстандагы эл аралык турнирде экинчи орун;
2017-жылы Амстердамдагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
2018-жылы Казакстанда өткөн эл аралык турнирде үчүнчү орун;
2018-жылы Өзбекстан Кубогунда экинчи орун;
2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн чемпионатында экинчи орун;
2019-жылы Өзбекстан Кубогунда биринчи орун;
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Кубогунда экинчи орун;
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Кубогунда биринчи орун (III этап);
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси;
2021-жылы Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.
Андан сырткары, Катар, Иран, Азербайжан, Индия жана Германиядагы эл аралык турнирлерге катышкан.
Каныкей Кубанычбекова Кыргыз өлкөсүнүн желегин "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде 23-июлда көтөрүп чыгат.