Бүгүн, 31-июлда кыргыз оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында өз күчүн сынайт.
Бекдөөлөт Расулбеков 96 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышат. Ал "А" тайпасында болуп, болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 16:50дө күчүн сынайт.
Мындан тышкары, бүгүн күрөш боюнча чүчү кулак тартылат. Бүгүнкү чүчү кулакта Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары аныкталат.