21 жаштагы оор атлетчи Полина Гурьева Түркмөнстан үчүн өлкөнүн тарыхындагы биринчи Олимпиада медалын жеңип алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Олимпиадага түркмөнстандык оор атлетчи 59 килограммга чейинки салмакта катышып, күмүш медаль жеңип алган. Ал штанганы жулкуп көтөрүүдө 121 килограмм, түртүп көтөрүүдө 217 килограмм көтөргөн.
Түркмөнстанга алгачкы медалды алып келген Полина Гурьева алгач гимнастика менен алектенип, андан кийин оор атлетикага өткөн. Анткени анын атасы ушул спорттун машыктыруучусу.