Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн килем үстүнө чыкты.
Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбан кызы азербайжандык 25 жаштагы Елис Манолова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңип алды.
Коло байге үчүн Мээрим Жуманазарова монголиялык балбан менен кез келет.