Бүгүн, 25-июлда фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчу Роман Петров алгачкы атаандашын жеңди.
Ал 1/32 финалда түштүк кореялык Сегеон Ма аттуу спортчу менен кез келип, атаандашын 15:7 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, кийинки баскычка өттү.
1/16 финалда кыргыз спортчусу жергиликтүү күчтүү делинген Ямада Масару аттуу спортчу менен кез келет. Мелдеш болжол менен Бишкек убактысы боюнча 10:00дө башталат.