Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-августта финалда беттешке чыгып, венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Муну менен балбан кыргыздын капчыгына күмүш медалды салууга жетишти.
Ал эми Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча коло байге үчүн болгон беттеште жеңүүчү аталды.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга байгелүү фонд каралганын айткан. Анда алтын медель алып келген спортчуларга 10 миллион сом өлчөмүндө сыйлык тапшыруу каралганын билдирген.
Ошондой эле мамлекет тарабынан күмүш медаль алгандарга 7 миллион сом, өлкөгө коло медаль алып келген спортчуларга 5 миллион сом сыйлык тапшыруу каралган.
Эгер спортчу жеңишке жетсе, башкы машыктыруучуга спортчуга берилген сумманын 30 пайызы, улук жана жеке машыктыруучуга 25 пайыз, биринчи машыктыруучуга 10 пайызы берилет. Медициналык персоналга байге фондунун 10 пайызы төлөнөт.