"Токио-2020": Кыргыздын кубанычы! Айсулуу Тыныбекова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты

Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында финалга чыкты. Балбан кыз украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келди. Анда Тыныбекова атаандашын буйдамга келтирбей, 10:0 эсебинде жеңип алды.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип , чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.

Финалда Айсулуу Тыныбекова былтыр, 2020-жылы Азия чемпиондугунда жеңилип калган япониялык Юкако Каваи менен кез келет.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова өлкө тарыхындагы кыз-келиндер арасында биринчи жолу финалга чыкты. Айсулуу баракелде!!!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nina.alex
2021-08-03 16:18:24
Минус баскандарды келип саба
+9
lotte
2021-08-03 16:21:13
Айсулуу аззззамат, кыргыз элинин сыймыгы!!! Финалда жараткан Аллахым куч кубат берсин! Кыргыз элим алтын кутот!
+8
NeRiNa
2021-08-03 16:21:47
Маа Шаа Аллах сени менен сыймыктанабыз Айсулуушка
+6
ZALKARBEK.84
2021-08-03 16:22:02
Азаматсын Айсулуу, эртен буюрса алтын биздики. Урааа!
+5
EddieNigma
2021-08-03 16:22:54
PankrationMMAны деле сухой утса керек, алга Айсулуу!
+10
sarbo
2021-08-03 16:29:01
EddieNigma, ушул коммент жакты мага :)
+2
gulia90
2021-08-03 16:23:24
Козго жаш келет го азамат кызсын садага, сыймыктанып куйормандык кылып жатабыз ордолуу Ош шаарынан.
+7
Dembele84
2021-08-03 16:31:19
Эртен Япониялык кызга тушот.Ийгилик АЙСУЛУУУУУ !!!
+4
voennyi88
2021-08-03 16:32:56
Өзү Кыргызстанда 3 эле эркек барда. Мен Айсулуу анан Шефченко брат. Акжол утса 4 болобуз.
+2
gulia90
2021-08-03 16:39:49
voennyi88, озунду кошуп койгонун жакшы экен)))
+6
bema_bema
2021-08-03 16:41:11
gulia90,ошо да))))
-1
voennyi88
2021-08-03 20:40:27
gulia90, тамаша иретинде окуганды түшүнүнүздөрда.
-1
aikaademi
2021-08-03 16:44:52
voennyi88,ошо сен да жүрөт элең олимп.оюндарында алтын алып. Көрсө, эркек турбайсыңбы
0
Pankration_MMA
2021-08-03 16:38:32
Айсулуу менен эле Акжолдун утушу маанилүү, калгандардыкы тиги финалга чыкса бул колого мүмкүнчүлүк алат, деп жалдырап уткан маанисиз темирлер)).
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан