Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүүдө.
Ачылыш азем коронавирус инфекциясынан каза болгон адамдарды эскерүү менен башталды. Учурда театрдаштырылган оюн-зоок уланууда. Саналуу мүнөттөрдөн соң Олимпиадага катыша турган өлкөлөрдүн спортчулары парадга чыгышат.
Парадда Кыргыз курамасы 56-номер менен чыгат. Парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин ок атуучу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгат.