Бүгүн, 2-августта Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмак жана кыз-келиндер арасындагы 62 килограмм салмактын чүчү кулак аземи болуп өттү.
Бул салмак категорияда Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келет.
Мындан тышкары Олимпиадага 87 килограмм салмакта катышып жаткан Атабек Азисбековдун дагы алгачкы атаандашы аныкталды. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда венгриялык күчтүү делинген Виктор Лоринц аттуу балбан менен күрөшөт.
Бул беттештер эртең, 3-августта башталат.